Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Аганын аялы. Жеңеси уй саап, сүт көтөрүп кирди (Сыдыкбеков). Өзүм Кундуздун жеңеси, чабан агасынын зайыбымын (Бейшеналиев). 2. Жалпы эле өзүнөн улуу кишинин аялына же өзүнөн улуу аялдарга карата кайрылуу иретинде айтылуучу сөз. Кыйкырсак кантет, Токтогул, Тигил кызыл тору жеңени? (Токтогул). – Жүрү жеңе, бүгүн колхоздун жумушу жок го. Көл боюна сейилдеп келели (Сыдыкбеков). 3. Кыз менен жигиттин ортосунда жүрүүчү аял. Жеңелер колтукташып күйөө кызды, Жөнөштү ак өргөөгө жаткызууга (Үмөталиев). Жанымда жеңе акылчы, Сенин пейлиң жакынчы («Олжобай менен Кишимжан»).