ЖЕТЕКТЕ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Коштоп алуу, жетелеп алуу. Күймөлбөй ат жетектеп жөнөп калдым (Үмөталиев). 2. Бирөөнү өзүнүн айткан-дегенине көндүрүү, оюндагыдай башкарып алуу. || Жетекчилик кылуу, башкаруу, жол көрсөтүү, сүрөөгө алуу. Нуралы өздүк көркөм чыгармачылык кружогун жетектеп, дал ошол жерде иштейт («Ленинчил жаш»). Начарды жетектеп, тыңды ого бетер кош колдоп колтуктайбыз (Бейшеналиев).