ЖЕР-ЭНЕ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Жер, жер бетиндеги жан жаныбарга ичээрине тамак, киерине кийим, жашарына жай болгон жердин улуулугу, ыйыктыгы, камкордугу, берешендигинин ызаат менен Энеге салыштырылып айтылышы. Төрөгөн аялдай көшүлүп жатканыңдан, Жер-Энем. Мен сага бүгүн бүт өмүрүмдү айтып бердим (Айтматов).