ЖЕРИК I Толковый словарь кыргызского языка. 2015 Боюнда бар аялдын өзүнчө оорусу, кандайдыр бир тамакты өтө күсөп, башка тамактарды көргүсү келбегендиги. Талгак. Жетпей жолборс жүрөгү, Жинди болуп байбиче, Жеригинен жүдөдү («Манас»).
ЖЕРИК II Толковый словарь кыргызского языка. 2015 Жек көрүү, көргүсү келбөө, жерүү. Аракты арбын ичпесе, Акыл кайдан жериксин (Осмонкул).