ЖЕРДИН ЖЕТИ ТҮБҮ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Абдан алыс, өтө алыс. Жердин жети түбүнөн Баяке экөөбүз байманабыбыз ташыганынан келди дейсиздерби (Бейшеналиев). Жердин жети түбүнөн эсен соо кайтса, учурашканыңыз жөн («Кыргызстан маданияты»). Куу турмуштун айынан жердин жети түбүнөн ооп келген («Ленинчил жаш»). В.: Жердин түбү. Берсең бул жердин түбүнөн кайрылып бизди көрбөйт! – деп Кыргый эжем сыздады (Сыдыкбеков). Жолдон көргөн кордугун, ошол жердин түбүнөн жөө-жалаңдап келгенин айтты (Жусупов). Жердин жети катар түбү. Тоголок Молдонун бакисинин ардагыма айланганы, жердин жети катар түбүндөгү окуялардан, түшкө киргис түркүн элдин акын, дастанчыларынан, санжыралардан айткандыгы (Бейшеналиев). Жердин жети катары. Шылкыйба, байкең аман болсо, асмандын ары жагынан, жердин жети катарынан таап берем. (Абакиров). Жердин жети катарына чейин тешип өтчү жебе сыяктанып тик ылдый бүкүт келатты (Осмоналиев). Жердин жети катмары. Андай акмакты жердин жети катмарына житип кетсе да табам (Тойбаев).