ЖЕРГЕ-СУУГА БАТПОО же жерге батпоо
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Абдан сүйүнүү, толкундоо, көңүлү көтөрүңкү, жайдары абалда болуу. Мен жерге-сууга батпай, көңүлүм куунак болуп, өтө жайдары жүрдүм (Абдукаримов). Жерге батпай антаңдаган мени апам коңур үнү менен тосуп алды (Осмоналиев).