ЖЕР ЧЕЧЕГИН БЕЗӨӨ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)1. Өтө уккулуктуу, мукам үн чыгарып сайроо, ырдоо, чечен сүйлөө. Чоор тиги кишинин оозуна тийгенде жер чечегин безейт, дүнүйө сырын чечип, айтып жаткандай болот (Жантөшев). Жигит жер чечегин безеп ырдады («Ала-Тоо»). 2. Кап-кайдагыны айтып безеленип сүйлөй берүү же безилдеп көп сүйлөө, тили буудай куруу. «Салаалап тарап сакалды, карылар айтсын макалды «деп сөзүн куюлуштуруп, анан булбулдай муңканып жер чечегин безейт эле (Осмоналиев). Тоголок Молдо жер чечегин безеп, хандан, бектен кайра тартпай, элди акыйкатка үндөп, жакырларга жан тарткан эр (Бейшеналиев). Калбубу буркурап ыйлап, жер чечегин безеп жалынат (Жантөшев).