ЖЕЛТИЙБЕС
Энциклопедия "Манас". ч.1.ЖЕЛТИЙБЕС — эпизоддук кейипкер. Эсенкандын атайын тапшырмасы менен Манасты өлтүрүү үчүн кытайдан келген Көзкамандардын бири. Алооке кыргыздарды чапканда сүрүлүп кетип, калмак болуп калган. Түбү Манастын аталаш тууганы. Манаска алдап уу бергенден кийин аны өлдү деп, ордосун талап алышып кытайга кетип баратышканда аркасынан кууп жеткен кырк чоронун колунан өлөт (Курама варианты, 1. 267 — 292; Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 189—210).