ЖЕЛ II
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Катуу басыктан ылдам текиреңдеп жүргөнгө жетпеген жүрүш менен жүрүү, жорто жүрүү. Эңкейиш жолдо аттар желе басса, дөңгөлөктөр көзгө илешпей чимирилет (Сыдыкбеков). Бөлпүлдөп желген жээрде атты минип келе жаткан – Сансыз (Жантөшев). || Ылдамдай өтүү, ылдамдаган жүрүштө болуу. Жети күнкү жаандан, Желип өткөн суу жакшы (макал). 2. Ныгыра-ныгыра басуу. Желип-желип койду эле Элеманы курусун («Эр Төштүк»).