Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жалгыз, жалгыз өзү гана, жалаң өзү, жалаң гана, бир гана. Көкөтөйдүн көп байге, Өзүң жеке ала көр, Төштүк («Эр Төштүк»). Жемени жеке сиз айткан эмессиз (Сыдыкбеков). // Айрым, бөлөк, башкалар менен аралашпаган же кошулбаган абалда, өзүнчө. Сени менен жеке сүйлөшөмүн (Сыдыкбеков). 2. Жекеме-жекеге чыккан кармаш, жекеме-жекеге чыккан беттешүү. Деп Мендирман кашкайып, Жекеге баарын чакырды («Мендирман»). Жер дүңгүрөп, калмактар, Жекеге чыкпай качышты («Курманбек»).