ЖЕКЕ ЖАК (АДАМ) – жамааттык түзүлүш болуп саналган юридикалык жактан айырмаланып, жарандык укук субъектиси болгон жаран (чет өлкө жараны, жарандыгы жок жак) (кара:Жаран).
ЖЕКЕ ЖАКТАРДЫН ЖЕКЕЧЕ МЫЙЗАМЫ – эларалык жеке укуктагы кеңири тараган коллизиялык байламта. Анын 2 түрү бар: а) улуттук мыйзам же жарандык мыйзам (lex nationalis, lex patriae ); б) жашаган жердин мыйзамы (lex domicilii ). КР мыйзамдары боюнча ал адам жарандыгын алган өлкөнүн укугу Ж. ж. ж. м. болуп эсептелет. Эгер ал адамдын 2 же андан көп жарандыгы болсо, ал жак көбүрөөк байланыш жасаган өлкөнүн укугу жеке мыйзамы болуп эсептелет. Жарандыгы жок адам үчүн ал туруктуу жашаган өлкөнүн укугу Ж. ж. ж. м. болот. Ал эми качкындар үчүн башбаанек берген өлкөнүн укугу Ж. ж. ж. м. болот.
Natural Persons Register (noun)
An 11-digit identification number issued to Brazilians and resident aliens by the Brazilian Ministry of Revenue for identification and tax purposes.