ЖЕЗ ОЙМОК
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Кийим тигүү, сайма саюу ж.б. иштерди аткарууну мыкты билген уз, абдан устат, иштүү. Ыбырай тек-жайын айтып отурса, өзунчө узун сабак, энеси жез оймок, сөзмөр эле (Ашымбаев). Жез оймок аял өзү эле Сарамжал менен үй кармап Салтанат менен жыргашы (Тоголок Молдо). Жез оймоктун ыктуусу, Ургачынын мыктысы («Эр Төштүк»).