ЖЕГИЧ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151; Соргок, тамакты көп жеген. Өтө жегич, соргок көрүнөт. 2. өт. Шылуун, паракор, бирөөнүн акысын, көпчүлүккө таандык болгон мүлктү өз пайдасына жумшаган арам тамак, алдым-жуттум. Жегичтерге убал жок (Тоголок Молдо). Пайда жегич кишиге, Малыңды берип саттырба (Осмонкул). Эл жегичти жоготуп, Күлүн көккө сапырды (Токтогул).