Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Тамак ичүү, тамактануу, тамагы үчүн пайдалануу, азыктануу, оттоо. Барпы муздак эт менен нан жеп жатып алды (Байтемиров). Карды тээп, тулаң жеп кара кырда жылкысы (Үмөталиев). Бирөөнүн тоогун жесең каз байла (макал). Боорсок, эт алып келдим, кыздарың менен жегин (Сасыкбаев). 2. өт. Башка бирөөнүн акысын же башкаларга, көпчүлүккө таандык болгон мүлктү, акчаны ж. б. кыянаттык менен ач көздүк кылып өз пайдасына жумшоо, өз кызыкчылыгы үчүн каражаттоо менен зыян келтирүү. Басып жеген калкымды, Бай-манаптар куулду (Бөкөнбаев). Белектин жеп-ичкени жүз миң сомго жакындап барат имиш (Жантөшев) 3. Башкалардан акча, мүлк ж. б. алуу. Сенден кара байлап, калың жеп, Катарлап ат-төө жетелеп (Үсөнбаев). 4. Суу алып кетүү, жемирип, жырып кетүү, оюп жар кылып кетүү. Сатар менен Абаз кыян жеген аңдан өтө албай, бир азыраак буйдала түшүштү (Таштемиров). 5. Кандайдыр бир соккуга учуроо, бир нерсе тийүү, урунуу. Таяк жеп, кордук көргөн жигит кантип, Унутат жонундагы камчы тагын (Үмөталиев). Жөн жүрбөгөн жигиттер, Көрүнгөндөн тепки жейт (Токтогул). Мен акырегиме бычак жеген экенмин (Абдукаримов). 6. Кириптер болуу, дуушар болуу. Караңгы тамда кайгы жеп, Ойлосом күйөм от болуп (Токтогул). Камыгып, кайгы басып, убайым жеп, Ким тартты кара күндү сенден артык (Элебаев). 7. Нааразылык билдирүү, тилдөө, жекирүү, каргап-шилөө, коркутуу, жаман көрүү иретинде айтылган сөз тизмектеринде колдонулат. Ой ырысыңды, жегир! Сен качанкы Акмансың(Сыдыкбеков). Нээти жаман ач түлкү, Бизди жебей, жегин таш (Осмонов).