этиш. Эсинде сактоо, эсинде кармоо, жат айтып бере алгыдай болуу. — Тээк, жаттап алган сөзүнөн да жаңылат бекен (Сыдыкбеков). Карылардан калган сөз, Каттай жаттап алган сөз («Семетей).
1. запоминать наизусть;
жатка жаттап заучить наизусть, зазубрить;
2. произносить (заученное) наизусть.
Текстти, айтылган сөздү, ырды ж. б. ошол түрүндө эсинде толук сактап калуу, жат айтып бере алгыдай болуп эсинде сактоо. Унутпаска улам ырды кайталап, Үн чыгарып, унутпаска жаттадым (Токомбаев). Карылардан калган сөз, Каттай жаттап алган сөз («Семетей»).
жатта этишинин туюк мамилеси. Ардагы болуп кыргыздын, Далай ойдо жатталдың (Үмөталиев).
жатта этишинин аркылуу мамилеси.
жатта этишинин аркылуу мамилеси. Декламацияны Нина Леонтьевна эжеке жаттатты (Сыдыкбеков).