ЖАПКАК
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Көбүнчө калың кардын үстү менен басканда карга батып кетпес үчүн ылайыкталып жасалган бутка байлануучу тегерек келген алкак, жалпак жазы нерсе. Токтогул, камырабай эле кой апаке, мен бутума жапкакты байлап эки бээ саамда айылдын, төбөсүнөн чыгам деген (Токомбаев). Жапкак кийип жөө чубап, Көпчүлүгү жалданып (Тоголок Молдо). 2. Көздүн үстүн жаап турган териси. Гүлайым көздөрүн сурмалуу жапкагы менен далдаалап, башын төмөн карай эңилтти (Бейшеналиев). Татыбек жапкак көзүн күлүңдөтүп энесине карады (Байтемиров). 3. Далдаалап жаап, үстүндө калканч сыяктуу болуп турган бөлүкчө. Жапкак таштын алдына Нуруш от жакты (Убукеев).