ЖАНЫ КӨЗҮНӨ КӨРҮНҮҮ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Бир жери катуу ооруп абдан кыйналуу, чыдай албай алдастоо, жаны кейүү. Чучугунан бери зыркырап жаны көзүнө көрүнө калганда Эмилбек: – Апакебай, барайын! – деди (Осмоналиев). Аттын кыймылы сайын сөөгү кырчылдап, катуу ооруп, жаны көзүнө көрүндү (Касымбеков). Ысак молдо бир топко чейин өзүнүн кыйналып, жаны көзүнө көрүнүп жатканын айтты (Абдукаримов). 2. Аябай коркуу, жүрөгү оозуна тыгылып кооптонуу. Анда-санда катуурак чыккан Каныбектин үнүн угуп Эркайымдын бүткөн бою дүрүлдөп, жаны көзүнө көрүнөт (Жантөшев). Эми арттан тигилердин дабышын даана уга баштады. Жаны көзүнө көрүндү («Ала-Тоо»). В.: Көзүнө жаны көрүнүү. Семетей сууга чөмүлүп, көзүнө жаны көрүнүп («Семетей»).