Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Өзү кызыккан, абдан каалаган нерсеге аябай берилип, кызыгып аракет кылуу, же өзүнө пайдалуу болуп көрүнгөн нерсенин болушуна кым дей түшүү. Жазуучулук, кабарчылык дегенде жантыгымдан жата калып, кепке тойбой жүргөн чагым («Советтик Кыргызстан»). Ошондон улам атасы Езефтин нары кара жумушка жармачтыгын, оюн-шоок десе жантыгынан жата каларын байкоочу (Ашымбаев). Сырдыбай мындайга жантыгынан жата калат эмеспи (Осмоналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир нерсеге абдан берилип эт-бетинен кетүү, ынтаасын коюу. Кычан жантыгынан жата калып, баарын жаттап алууга тырышты (Бейшеналиев). Шарыйпадан Күлжан жөнүндөгү окуяны укканда Батма кулагын тосуп, жантыгынан жата калып, ою ордунан чыккандай болуп жатты (Байтемиров). Жазуучулук, кабарчылык дегенде жантыгымдан жата калып, кепке тойбой жүргөн чагым («Советтик Кыргызстан»). Ошондон улам атасы Езефтин нары кара жумушка жармачтыгын, оюн-шоок десе жантыгынан жата каларын байкоочу (Ашымбаев). Сырдыбай мындайга жантыгынан жата калат эмеспи (Осмоналиев). В.: Жантыгынан жатуу. Улуулардын улама кебин жантыгынан жатып угат (Айтматов). Оо, оюн дегенде булар жантыгынан жатат эмеспи (Таштемиров).