ЖАМГЫР Толковый словарь кыргызского языка. 2015 Суу тамчылары түрүндө жааган жаан. Нөшөрлөп жамгыр жаап турат (Абдукаримов). Бир түнү катуу жамгыр болду, Сайлар, арыктар сууга толду (Шүкүрбеков).
ЖАМГЫР КАГАР Толковый словарь кыргызского языка. 2015 Казактын желкеге түшмө, кулакчыны бар баш кийими, тумактын бир түрү. «Ий-йа?! Деген чарк эткен үн чыкты, караса, башындагы жамгыр кагарын шалпайтып, үзөңгүсүн кере тээп, казак кейиптенген бирөө турат» (Касымбеков).