ЖАЛГАН I
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Калп, туура эмес, төгүн, чындыгы жок. Аны да сүрүштүрүп көрдүк, Жалган болуп чыкты (Жантөшев). Токто эже, жалган болсо да сүйлөсүнчү! – деди Мукарама (Жантөшев). || Чыныгы эмес, жасалма. Жалган расписка. Жалган документ. 2. өт. сүйл. Күнүмдүк дүйнө, бу дүйнө, түбөлүк эмес. Анык булбул экенсиң, Бу жалганга бир келген (Токтогул). Аз күн калды, кош айтам, Жарык дүйнө – жалгандан («Саринжи-Бөкөй»). Жалгандан көзүм жумулса, Эсиңден Бөкөй чыгарбай, Сыйлагын менин арбагым («Саринжи-Бөкөй»).