ЖАКЫН
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Ортодогу аралыгы жагынан алыс эмес, жуук. Жолдош Жапек жакын жерде эл жайлаган жер бар экенин билесизби? (Жантөшев). Ууз кымыздын жыты жакын олтурган Элебестин мурдуна бур дей түштү (Сыдыкбеков). 2. Тууган-туушкандыгы жагынан жакындыгы бар, бөлөк-бөтөн эмес. Абаке, иниңмин деп айткан ким бар? Деги, айтор, жакыныңмын иши кылып (Осмонов). Жалгыз чалын тентиретпей көз салып, Жакындары баксын деди агасын (Токомбаев). 3. Достугу, жолдоштугу, мамилеси, ымалаштыгы ж. б. жагынан жакындыгы, байланышы бар. Жалгыз аттуу кедейдин Жакыны болгон Токтогул (Барпы). Улуу орус баатыр эл, Боордош тууган жакын эл (Үмөталиев). 4. Сүйкүмдүү, ысык, сүйгүнчүктүү. Тоодогу түн дагы жүрөккө жакшы сезилет (Байтемиров). 3. Тектештиги, окшоштугу, жалпылыгы бар, бири-бири менен байланыштуу. 5. Мезгили, убактысы жагынан алганда жакындап калган учурду, чукулдап аз калган учурду көрсөтүүдө колдонулат. Таңга жакын Курман кош атын жетелеп алдыга жөнөдү (Убукеев). Коштошуп колун кармашып, Жакын калды жөнөргө («Курманбек»). 6. Чамасында, болжол менен, ошого барабар болгон, жете бербеген (сан, ченем, өлчөмгө карата). Эки жарым миң гектарга жакын сугат жер. Жүзгө жакын окуучу. 7. Бир нерсеге шыгы бар, байланыштуу, катышы бар, талапташ. Кадыркулдун өз атасы Ногой да малга жакын адам болгон (Каимов). Уста устага жакын (Байтемиров). Мен башынан эле аңчылык ишине, мүнүшкөрлүк жагына жакын кишимин («Ала-Тоо»).