Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жакшы мамиле, жакшы тилек, жакшы иш, пайдасы тийгендик. Сенин ошол мени ачкачылыкта сактаган жакшылыгыңды эки дүйнөдө унутпайм (Абдукаримов). Ушул жерден бир жакшылык кылдыңар, садагаң кетейиндер,– деди чал (Элебаев). Бактыга жараша жарк этип жакшылык болуп калса, бир күнү келип калармын (Жантөшев). 2. Жакшы сапат. Сылык мүнөз, адептүү, Жакшылыктын өрнөгү (Осмонов). Токтогул элди эмгекке, жакшылыкка үндөгөн (Бөкөнбаев).