Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бирөөнүн же бир нерсенин жакшы жагын чыгаруу, жакшы сапаттарын көрсөтүү. 2. Бир нерсенин сапатын мурункусуна караганда түзүк кылуу, дурустап оңдоп коюу. Башкарманын кабинети жакшылап жасалган (Жантөшев). Силер аны жакшылап уюштургула. 3. жакшылап формасында. м. Дурустап, түзүгүрөөк, жакшы, көңүлгө толо тургандай. – О, кадырман достум, келчи жакшылап. көрүшөлү! (Абдукаримов). Акылыңды жыйнап, шашпай жакшылап жооп бер (Жантөшев).