Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Сапаты, касиети, өзгөчөлүгү жагынан талапка ылайыктуу, көңүлгө толорлук. Жакшы ат. Жакшы кийим. Жакшы үй. Жакшы жол. Жакшы музыка. Жакшы ыр. Жакшы китеп. || Ылайыктуу, пайдалуу, орундуу, жөндүү. Жакшы кеңеш. Жакшы сөз. Жакшы ой. 2. Кулк-мүнөзү, жүрүш-турушу жагынан үлгү болорлук, моралдык сапаты жагынан жогору (адам жөнүндө). Жакшы адамдын белгиси – Эл камы үчүн жүгүрөт (Токтогул). || Ак ниет, жамандыгы жок, жөн билги, үлгү болорлук адам, алдыңкы катардагы. Жакшы ката кетирсе – өзүн жемелейт (макал). Жакшыга айтсаң – билет, жаманга айтсаң – күлөт (макал). Түзүп чарба, жакшыларга теңдешкин (Бөкөнбаев). || сүйл. Эл ичинде, өз айылында кадыр-барктуу, эл башкарган, эл бийлеген, башкаруучулардан, мыктылардан деп эсептелген адам. Жамгырчынын ордуна Жакшы, кылып алалы («Саринжи Бөкөй»). Ок адамга бир жанды Жакшы коюп салыптыр («Сейтек»). 3. Көп, мол, арбын. Дыйкандар быйыл да дан эгиндеринен жакшы түшүм алды. || Артык, түзүгүрөөк. Ушул көрөкчө, өндүрүштүн өзүнө барып иштеген жакшы (Убукеев). 4. Ачык, даана, айкын. Мендирман жакшы тааныды, Ким экенин үнүнөн («Мендирман»). 5. Жакшылык. Кайгырбагын, энеке, Жаман, жакшы баарына, Байыртан балаң бышты го (Элебаев). Жаман менен жакшыны, Таасындап билер убагың («Мендирман»). 6. Абалды, ден соолукту суроодо, саламдашуу, учурашуу же коштошуу иретинде колдонулат. – Жакшысызбы? Уктук эле оору деп (Токомбаев). Жакшыбы жайың, Алмаке, Эмне бизден четтедиң (Токомбаев). Кош жакшы калыңыз! – деп Батый да Осмондун колун бекем кысып коштошту (Сасыкбаев). 7. Баа коюу системасында «эң жакшы» деген баллдан кийинки баа катарында колдонулат. Экзаменди жакшы деген баага тапшырды. 8. Жарайт, болуптур, макул деген сыяктуу ырастоо маанисинде да колдонулат. Жакшы, бара тур, Жакшы, кийин сүйлөшөлү.

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бирөөгө жагынуунун, жакшы көрүнүнүн аракетин жасап, ичи-койнуна кирүү, кошомат кылуу. Бошкой жакшы аттуу болуу максатында мыктыларын мактай келип, Тоголок Молдону мыскылдай ырдаганда, анын жойпулугу, жасакерлиги мыктыларына жакты (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөгө жагынуунун, жакшы көрүнүүнүн аракетин жасап, ичи-койнуна кирүү, кошомат кылуу. Бошкой жакшы аттуу болуу максатында мыктыларын мактай келип, Тоголок Молдону мыскылдай ырдаганда, анын жойпулугу, жасакерлиги мыктыларына жакты (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Урматтоо, кадырлоо, жакын саноо сезиминде болуу, берилгендик, жакындык сезимде болуу. Айгүл байкесин жакшы көрөт. 2. Ашык болуу, сүйүп калуу, көңүлү берилип калуу. 3. Өзгөчө жактыруу, каалоо, эңсөө (мисалы, тамакты). Тагай беш бармакты жакшы көрөт.