Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кубаттоо, бирөөнү колдоо, бирөөлөр тарапта болуу. Ар дайым, жаңылыкты жактайбыз (Сыдыкбеков). Кең мамлекеттин менчигине өтүшүн гана жактайбыз! – деп күркүлдөштү шахтерлор (Сасыкбаев). Байбиченин сөзүн кээ бирөө жактап, кээси кулак каккан жок (Байтемиров). 2. Талкууга сунуш кылынган иштин, жобонун (диссертация, проект, дипломдук иш ж. б.) атайын заседаниеде кабыл алынышына жетишүү, аларды коргоо. Кандидаттык диссертациясын жактады. Дипломдук ишин ийгиликтүү жактады. 3. грамм. Этиш сөздөрдү үч жак боюнча жак, сан, чак формалары менен өзгөртүү.