Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жакадан алуу, урушуу, туткактоо, чырдашуу максатында жакадан кармоо. Мен да балага жакалап жооп бердим (Элебаев). Жаман менен дос болсоң, Жарым тыйын доолашып, Жабыркатат жакалап (Осмонкул). 2. Жака бойлоп жүрүү, жээктөө, бир нерсенин чети менен кыркалап өтүү, бойлоо. Кашкардын кара тоосун жакалап, Эрикпей Төштүк жол жүрүп («Эр Төштүк»). Сай жакалай сагызган Салпактады эңиштеп (Бөкөнбаев). От жакалай отура кетти да, бир тизесин тонунун өңүрүнө катты (Абдумомунов).