ЖАК IV
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Тамызуу, күйгүзүү, тутантуу, жандыруу, күйүү процессине кабылтуу. Казан асып, от жаккан, Кар эритип, муз чапкан (Тоголок Молдо). Биз бактылуу балабыз, Ырдап костёр жагабыз (Токомбаев). 2. Жарык кылуу. Барпы чырак жагып, Сасыкбайга сураган акчасын берди (Байтемиров).