ЖАЙЫН ТАБУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)1. Жок кылуу, көзүн тазалоо, өлтүрүп коюу. Айтканыма көнбөсөң, Азыр табам жайыңды (фольк.). 2. Кандайдыр бир иштин аткарылышынын мүмкүнчүлүгүн, ыгын келтирүү. Анын жайын өзүбүз табабыз («Ала-Тоо»). Ошонун жайын таба албасак, өлгөн экенбиз, - деп Адыл каткыра Мадыны далыга кагып койду (Жантөшев).