Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Тейлөө, иреттөө, тартипке келтирүү. Малчылар малды жайгаштырып коюп, бардыгы от жагылган ыктоого чогулушту (Убукеев). 2. Орундаштыруу, жайлаштыруу, орун алып берүү, орноштуруу. Мандикерлерди Оштун Пиян базар деген жерине жайгаштырды (Абдукаримов).