Киргизско-русский словарь Юдахина
возвр. от . жазда- II
1. положить себе под голову подушку, употребить что-л. вместо подушки;
кар жаздан-
1) спать на снегу;
2) перен. терпеть лишения;
кар жазданып, мал таптым фольк. в трудах и лишениях я приобрёл скот;
2. пасть вместе с противником (умертвив его);
"кол салса, мен аны жаздана жатайын" деди если он посягнёт (на меня), я лягу мёртвой вместе с ним (убив его).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Өзү өлө турган болгондон кийин бирөөдөн кегин, өчүн ала жатуу, өзү менен кошо кас адамын өлүмгө учурата кетүү. Өлө турган болсом, эч болбогондо бирөөн жаздана жатайын деп өзүнчө кайраттана калды (Убукеев). Бирок, энемди жаздым кыла турган болсо, жалгыз Керим кербезди эмес, манап агасын баштап, башкаларын да жаздана жатам (Үмөталиев). В.: Жаздыгын ала жатуу. Болду, жетишет! Кадый бийди тындым кылып, жаздыгымды ала жатам! Качанкыга чейин мунун алдында бөдөнөдөй бөйпөктөйм? (Үмөталиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Өчөшкөн, касташкан адамын да кырсыктатып, кегин, өчүн ала жатуу, өзү менен кошо катуу кырсыкка, же өлүмгө учурата кетүү. Бирок, энемди жаздым кыла турган болсо, жалгыз Керим кербезди эмес, манап агасын баштап, башкаларын да жаздана жатам (Үмөталиев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
понуд. от жаздан- 1;
ээрин жаздантып подложив ему под голову своё седло;
басмачыны башка аттың, башын жерге жазданттың фольк. басмачей стрелял ты в головы, головы их на землю складывал.