ЖАЗДА I
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Башка, алдыга жаздык же башка бир нерсени коюу, төшөө. Жаздыкты бийик жаздап кой. Башына ээр токум жаздады. || Мага атлас төшөктөн төшөп, алдыма мамык жаздагыла (Жантөшев). || Астына кандайдыр бир нерселерди атайын таканчык, жаздык катары коюу, төшөө, жөлөө. Дөңгөчтү жаздап коюп суу талдарды керте баштады. Колун чекесине жаздап ойлуу отурду.