Толковый словарь кыргызского языка. 2015
тар. 1. Эски убактагы майда калибрдүү замбирек, оор мылтык. Жазайыл атып, жаа тартса, Кылк этип бир тал өтпөгөн («Сейтек»). 2. өт. Мүшкүл, кыйын иш, башка түшкөн азап. Жазайыл, жаңжал билбейли, Эми Күлчорого тийбейли («Сейтек»). Жазайыл салып мойнума, Атакең жатпай кетти койнуңа («Семетей»).

Энциклопедия "Манас". ч.1.
ЖАЗАЙЫЛ МЫЛТЫК (арабча ал — жезаир — «арал», Алжирдин борбору аралда жайгашкандыктан ушундай аталат) — эпосто мылтыктын бир түрү катары айтылат: («Жазайыл мылтык күркүрөп»), Алжирден чыккан мылтык 17-кылымдан баштап Алдыңкы Азия аркылуу Орто Азия элдерине тараган. Ошондуктан өзбек эпосторунда «жозаил милтик», казактарда «жезаир мылтык» түрүндө аталат.