ЖАЗ III
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Кандайдыр бир түрмөктөлгөн, бүктөлгөн, бырышкан нерсени жаюу, ачуу, бүктөлбөгөн, бырышпаган, оролбогон ж. б. абалга келтирүү. Кагаздын бүктөөсүн жазып көз жүгүрттү («Ала-Тоо»). Таңылчагын кылдатык менен жазып, түрмөктөлгөн күрмөнү сууруп чыкты («Ала-Тоо»). 2. Кере жайып ачуу, бүктөлгөн, түйүлгөн, куушурулган ж. б. абалдан жайылган, кере ачылган, эркин болгон абалга өтүү. – Апаке! – деп Күлжан кучагын жазды (Байтемиров). Тобокел ары-бери чуркап денесин жазат. Мышык тырмактарын жазып эки колун илгери созду (Сыдыкбеков). 3. Таратуу, жоюу (мисалы, кайгы-капага карата). Качантан бери бук болгон, Черибизди жазалы («Семетей»). Камоодо жаткан эрендин, Кайгысын жазган сен элең, Төштүк («Эр Төштүк»). Ойноп кетти бул экөө, Эриккенин жазганы (Осмонкул). 4. Көңүл ачуу, эркин, шайыр абалга келүү. Көңүлүн жазат жалпынын, Көңүлү ачык март адам (Барпы). Отуруп чертип чүкөнү, Абакем кумар жазыптыр («Эр Табылды») Жабыкканда жарпын жазар кубат бол (Токомбаев).