ЖАБУУ I
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Бир нерсени көрсөтпөө ысыктан же сууктан сактоо максатында, жаан-чачындан коргоо же кооздук үчүн үстүн жаап коюуга арналган буюм, жапкыч. Жүк жабуу. Ат жабуу. Ар түрдүү түстөгү тордомо жабуулар кербенге эң салтанаттуу шаң берет (Абдукаримов). || Боз үйдүн тутуулары, жалпы эле боз үйгө жабылуучу кийиздер. Жабуусу жаман кара үй, Жалгыздап четке конуптур (Осмонкул).