1. Унчукпай, сүйлөбөй калуу, басылып калуу, дым болуу. Мына, эми мен жаагымды бастым, бастым! (Абдукаимов). Неге жаагыңды баспайсың - деп чуу эттире алакан тартабы, же сыртка кууп чыгабы (Бейшеналиев). 2. Унчуккус, сүйлөгүс кылып коюу, унчуктурбай салуу. Жесирин каңкылдатпай жаагын баспайбы (Сыдыкбеков). Ал дагы колун акырын көтөрүп, Веранынжаагын басты (Касымбеков).
1. Унчукпай, сүйлөбөй калуу, басылып калуу, дым болуу. Жакын келген Темирден уялып, жаагын басты (Сыдыкбеков). Мына, эми мен жаагымды бастым, бастым! (Абдукаимов). Неге жаагыңды баспайсың – деп чуу эттире алакан тартабы, же сыртка кууп чыгабы (Бейшеналиев). 2. Унчуккус, сүйлөгүс кылып коюу, унчуктурбай салуу. Жесирин каңкылдатпай жаагын баспайбы (Сыдыкбеков). Ал дагы колун акырын көтөрүп, Веранын жаагын басты (Касымбеков). В.: Жаагын жабуу. Күнү-түнү үнүн баспай боздогон шордуу жедеп шайы кеткенде жаагын жапты («Ала-Тоо»). Анысы куржунга колун салып, эки ууч күмүш акча менен келиндердин жаагын жапты (Эшмамбетов). Оозун жабуу. Акча берип оозун жапты («Чалкан»).