ЖААГЫ АЧЫЛУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Токтолбой жаалданып, ээлигип сүйлөй берүү, жаагын жанып көп сүйлөө. Батийнанын жаагы ачылып, бажылдап басымдуулук кылып баратканына Анархан ызаланса да жоошуп, тартына түштү (Сыдыкбеков). Кара катындын жаагы ачылып шаңшый баштады дегиче, иштин бүткөнү дешип, коңшулары акырын күңкүл кылып үйлөрүнө житип жок болушту («Ала-Тоо»). 2. Бир нерсеге көнүгүп, эргип, улам кызып сүйлөй, же ырдай баштоо. Сиздин шарапатыңыз менен жаагым ачылып, анча-мынча ырчы аталгансыдым (Бейшеналиев). Кебин эркин баштап, ал оюндагысын айткан сайын жаагы ачылды (Сыдыкбеков). 3. Айласыздан айтышып-талашууга көнүү, каяша сүйлөөнү көнүмүш кыла баштоо. Кажый берсе аргасыздан жаагың ачылат экен да. («Чалкан»). Аялыңдын жаагы ачылып, ишиң куржун болгон экен дос («Агым»). В.: Оозу ачылуу. Жеңемдин оозу ачылып, каадасынча албууттана баштаганда байкем үндөбөй эшикке чыгып кетти (Сыдыкбеков).