Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
АКЧА КОТОРУМУ – которумда көрсөтүлгөн жакка белгилүү өлчөмдөгү акчаны төлөп берүү жөнүндөгү телетайп, телеграф, телефакс байланышы аркылуу же мындай тескеменин аныктыгын камсыз кылуучу башка байланыш каражаттарын пайдалануу менен түзүлгөн жазуу жүзүндөгү тескеме. Кредит жана почта-телеграф мекемелери А. к-н өздөштүрөт. А. к. алуучунун аты-жөнү, дареги көрсөтүлүү менен, тийиштүү мекемеге белгиленген өлчөмдөгү акчаны чегерүү жолу аркылуу ишке ашырылат.

Русско-кыргызский словарь и глоссарий банковских и финансовых терминов НБКР (2016)
Банк эсебин ачуусуз акча которуу (Money transfer without opening of bank account) —Акча каражаттарын которуу, улуттук же чет өлкөвалюталарында нак акча каражаттарды жеке адамдан кабыл алуу жана Кыргыз Республикасында же анын чегинен тышкары акча которуу системасы аркылуу көрсөтүлгөн жеке адамга (алуучуга) өткөрүп берүү жолу менен банк тарабынан жүзөгө ашырылган банктык операция