ЧЕГАРАНЫ АСКЕРЛЕШҮҮДӨН АРЫЛТУУ – адатта, эларалык келишимдердин негизинде, мамлекет чегарасына чукул жайгашкан аймактан аскер күчтөрүн алыстатып, бул жердеги аскердик чыңдоолорду жоюуну билдире турган эларалык жалпы укуктагы аталгы. Ч. а. а. толук же жарым-жартылай болушу мүмкүн.