ЧЕГАРАНЫ АНЫКТОО – чегараны аныктоо жөнүндө
келишимге ылайык, ага тиркелген карта менен баяндап жазуу боюнча жер-жерлердеги
мамлекеттик чегара тилкесин аныктоочу белгилер (чегара белгилери) аркылуу бөлүп
көрсөтүү. Ч. а. иштери тараптар тарабынан түзүлгөн атайын комиссия тарабынан
жүзөгө ашырылат.