Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДАРЫ-ДАРМЕК КАРАЖАТТАРЫ – кошунду усулу же биологиялык технологияны колдонуу менен дарттын алдыналуу, аныктоо, дарылоо, боюнда болтурбоо үчүн кандан, анын курамынан, ошондой эле адамдын же жаныбардын органдарынан, ткандарынан, өсүмдүктөн, минералдан алынуучу заттар, зат кошундулары. Д. к-на дарылык касиеттери бар субстанциялар, өсүмдүктөр менен жаныбарлардан алынган заттар, жасалма жол менен алынган заттар, ошондой эле дары-дармек каражаттарын чыгарууга жана даярдоого арналган жардамчы материалдар кирет.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДАРЫ-ДАРМЕК КАРАЖАТТАРЫН ДАЯРДОО – КРде катталган дары-дармек каражаттарынын негизинде дарыгердин көрсөтмөсү боюнча дарыкана мекемелеринде дары-дармек каражаттарын чыгаруу.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДАРЫ-ДАРМЕК КАРАЖАТТАРЫН ЖҮГҮРТҮҮ – дары-дармек каражаттарын иштеп чыгуу, колдонууга чейинки жана клиникалык изилдөө, өндүрүү, даярдоо, сактоо, таңгактоо, КР аймагына ташып кирүү, КР аймагынан ташып чыгуу, ташуу, мамлекеттик каттоодон өткөрүү, калыпташтыруу жана сапатын көзөмөлдөө, сатуу, маркалоо, жарнамалоо, колдонуу, жараксыз болгон же жарам мөөнөтү өтүп кеткен дары-дармек каражаттарын жок кылуу сындуу иш-аракеттерди өзүнө камтуучу жалпыланган түшүнүк.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДАРЫ-ДАРМЕК КАРАЖАТТАРЫН ЖҮГҮРТҮҮ СУБЪЕКТИСИ – лицензиянын негизинде дары-дармек жүгүртүүсүн жүргүзө турган жеке жана юридикалык, анын ичинде чет өлкөлүк дагы жактар.