ДОСУ Ташмат уулу (1930, Жалал-Абад шаары) — манасчы. «Манас» айтууну атасынын бир тууганы Токтаалы Төрөгелди уулунан үйрөнгөн жана эпосту кара сөз түрүндө айткан. Андан: Жакыптын Алайдан Таласка көчүп келиши, Манастын төрөлүшү, Манастын Каныкейге үйлөнүшү, Көкөтөйдүн ашы эпизоддору жазылып алынган. Д-нун варианты башка манасчылардын вариантынан айрым мотивдери боюнча айырмаланып турат. Анын айтуусунда Абыке менен Көбөш Манастын кулу — туткунга түшкөн калмактар болуп берилет. Көкчө Манастын бөлөсү, ал эми Коңурбай жээни болот. Манас үч жолу өлүп, үч жолу тирилет. Биринчи жолу Көкчөдөн, экинчи жолу Токтобай Орозбай уулунан өлөт. Үчүнчү жолу Кара дөөдөн өлгөндөн кийин Каныкей ага күмбөз тургузуп, дубалына Манастын жеңген душмандарынын аты-жөнүн жаздырып коет. Д. Ташмат уулунун варианты Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын Кол жазмаларды сактоо жана жарыялоо бөлүмүндө (Кол жазмалар фондусу, 612а-инв.) сакталып турат.
м.
бош убак;
она посвящала свой досуг музыке ал өзүнүн бош убагын музыкага арнады;
в часы досуга ара-чолодо;
на досуге бош убакта, чолодо, кол тийгенде.
СОТКО ЧЕЙИНКИ ОҢОО – каржы, экономика, уюштуруу мүнөзүндөгү чараларды колдонуу аркылуу, карызкорду чарбачылык жактан кайрадан бутуна тургузууну көздөй турган кудуретсиздик жүрүмүндөгү жолжобо. Ал мыйзамда каралган мөөнөт ичинде баардык кредиторлордун талабын канагаттандырууну көздөйт.
~, ая, -ее
разг.
бош, бекер;
досужие разговоры бекердин сөзү.
ДОСУМБАЕВ Күмболот (1939, Кемин району, Жаңы-Алыш айылы) — Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынын артисти. СССР кинематография союзунун мүчөсү. Кыргыз ССРинин Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1986). Ташкендеги А. Н. Островский атындагы театр өнөр институтун бүткөн (1963); 1963-ж. Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында эмгек жолун баштаган.
К. Досумбаев — Манас. «Айкөл Манас» драмасы, 1990.
Д. бир топ драмаларда башкы каармандарынын ролун ойнойт. Кинодо бир нече кинофильмдерге тартылган. Ж. Садыковдун «Манастын уулу Семетей» (1982) спектаклинде Сарытаздын, «Сейтек» (1987) спектаклинде Кыястын, «Айкөл Манас» (1990) спектаклинде Манастын ролун аткарган. Д.. Маанастын образын ачууда Манасты башкалардан бөлүп бөтөнчө орунга койгон жана аны башкы каарман болууга укук берген өзгөчө артык сапаттары — эл башчы, жетекчи экендигин чебер аткарган. Драмадагы окуялардын курулушунда, негизги идеянын ачылышында Д. Манасты теңдеши жок баатыр, ашкан балбан, арстандай айбаттуу жоокер, кең пейил, калыс жол башчы, жоонун сырын билген кол башчы жана башкалар артык сапаттарга ээ адам катары көрсөткөн.
сов. что
жеткире кургатуу, кургатып (кагыратып, кактап) бүтүү, жеткизе кургатуу.