Энциклопедия "Манас". ч.1.
ДИЛДЕБУРУШ — эпизоддук кейипкер, Каныкейдин нөкөрү. Манас Каныкейге күйөөлөп баргандагы ат чаап жар тандоо салтында аты отуз алтынчы болуп келип Жабыке тагдырына буюрган Д-ка үйлөнөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 419, 427).