Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕМПИНГ (англ. dumping – ыргытып таштоо) – кадимки баасына караганда кыйла арзан баада эркин жүгүртүү үчүн КР бажы чегарасына товар ташуучунун нысапсыз аракети. Демпингдик товарлар чыныгы атаандаштыкты бузуп, ушундай товар чыгара турган жергиликтүү өндүрүүчүлөргө материалдык зыян алып келгендиктен же кооптондура тургандыктан же мындай товарларды өндүрүүгө жолтоо болгондуктан, КР экономикалык кызыкчылыгын коргоо максатында, ташылып келген товарларга алымдардын өзгөчө бир түрү – демпинге каршы алым колдонулушу мүмкүн.

Русско-кыргызский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕМПИНГ (англ. dumping – ыргытып таштоо) – кадимки баасына караганда кыйла арзан баада эркин жүгүртүү үчүн КР бажы чегарасына товар ташуучунун нысапсыз аракети. Демпингдик товарлар чыныгы атаандаштыкты бузуп, ушундай товар чыгара турган жергиликтүү өндүрүүчүлөргө материалдык зыян алып келгендиктен же кооптондура тургандыктан же мындай товарларды өндүрүүгө жолтоо болгондуктан, КР экономикалык кызыкчылыгын коргоо максатында, ташылып келген товарларга алымдардын өзгөчө бир түрү – демпинге каршы алым колдонулушу мүмкүн.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕМПИНГГЕ КАРШЫ ТЕРИШТИРҮҮ (гр. anti – карама-каршылыкты, өчөгүшүүнү билдире турган жалгама, англ. dumping – сүрүп салуу) – демейдеги наркынан төмөнкү баада сатылып жаткан товар жергиликтүү товар өндүрүүчүлөргө зыян алып келген, же зыян алып келүү коркунучун түзгөн учурдагы товар менен жабдуучуга карата териштирүү.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕМПИНГГЕ КАРШЫ ЧАРА – ыйгарым укуктуу органдар тарабынан импорттук товарларды демейдеги өз наркынан төмөнкү баада сатуунун натыйжасында келтирилген зыянды жоюу үчүн убактылуу Д. к. ч. менен демпингге каршы алым таризинде колдонулуучу атайын чаралар.

Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)
ДЕМПИНГКЕ КАРШЫ АЛЫМДАР – КР бажы аймагына экспорт кылган өлкөдөгү баага, же экспорт кылуу маалындагы өндүрүү баасына салыштырмалуу кыйла төмөнкү баада кемип түшкөн импорттук товар жөнөтүүлөрү жергиликтүү ушундай товар өндүрүүчүлөргө зыян алып келген, же зыян алып келүү коркунучун түзгөн учурларда колдонулуучу алымдар.