ДЕМИТ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Атырыла кызууланган абалда болуу, улам демеп күчөнүү. Байбиче сурданып, каарданып, демите тап бергенде, Батийна ага мелтиреп коёт (Сыдыкбеков). Чаргын уруп жиберчүдөй демитти (Сыдыкбеков). || Кекетүү, үстөмдүк кылуу, кыр көрсөтүү, басынтуу. Кедейди көргөндө сенин демите бергендей жиниң барбы (Каралаев). Жардылык, байлык кимде жок, Жардысың деп демитпе (Токтогул).