Унчукпоо, сөз чыгарбоо, үн катпоо, билмексенге салып, тымпыйып коюу, сыр сактоо. Тургандар демдерин ичине алышып, жарданып калышты (Жусупов). Тегерегиндеги мыктылар демдерин ичине алып, тым турушту (Касымбеков). Базар ичиндегилер адегенде байкемдин ыры кайдан чыкты дегенсип, демдерин ичине алып... ошол жакты тыңшашты (Жусупов).
Унчукпоо, сөз чыгарбоо, үн катпоо, билмексенге салып, тымпыйып коюу, сыр сактоо. Тургандар демдерин ичине алышып, жарданып калышты (Жусупов). Тегерегиндеги мыктылар демдерин ичине алып, тым турушту (Касымбеков). Базар ичиндегилер адегенде байкемдин ыры кайдан чыкты дегенсип, демдерин ичине алып... ошол жакты тыңшашты (Жусупов). В.: Демин ичине катуу. Чогулган көпчүлүк кээде демин ичине катып, унчукпай, сөз сүйлөбөй да турду (Айтматов). Демин ичине тартуу. Жана элдин дүрдүгүп атка чуркаганда козголбогон кыйды киши азыр тигинин ырайын байкап, чочулап, демин ичине тартты (Касымбеков).