ДЕМ БАЙЛОО
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Бирөөнү эш тутуу, ага таянуу, аны бел кылуу, колдоосуна ээ болуу. Катын да болсо бейбактын, Бир карааны тиер деп, Жүрөмүн Айчүрөккө дем байлап («Сейтек»). Мени министерство билет, көп болсо башка районго которулуп кетермин», – деп дем байлады да, түшүнүк жазылган баракты сунду (Осмоналиев). В.: Дем кылуу. Сага дем кылып келдим («Ала-Тоо»). Кабылан Манас чырагым, бир өзүңдү дем кылдык («Манас»).