Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Калдайган көрүнүшө серейип чыгып туруу, далдайып туруу. Акия эринин делдейген кулагын тырс-тырс черткилеп, шак-шак күлөт (Сыдыкбеков). Кулагы делдейип турат. 2. Эмне кыларын билбей далдырап түшүү, селейип, жалдырап туруп калуу. Татыбек делдейип карап калды (Байтемиров). Темирболоттун көздөрү алайып, оозу ачылып делдее түштү (Жантөшев). Эркинбек чоочун аялдын билгичтигине таң калгандай делдейип башын ийкеди (Жантөшев).