ДЕЛБЕКТЕ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Далдактоо, калдактап желпилдеген көрүнүштө болуу, делбек-делбек этүү. Андрейдин шинелинин этеги желге делбектейт (Сасыкбаев). 2. Калдаңдап шашкалактаган абалда болуу, шашып-бушуп жеңил кыймылдоо. Бүбүш делбектеп короодон чуркап чыкты («Ала-Тоо).