Энциклопедия "Манас". ч.1.
ДАШ КАЗАН (иранча ылайдан же кыштан жасалган очок, кемеге) — чоң казан. Д. к. очокко, чоң кемегеге асылчу зор казан. Тил угуму окшош келип кыргыз тилинде таш казан (көчмөн элде таштан каланган очок кеңири тараган), тай казан (той казан), жоокердик турмушта жан казан жана башкалар аталган бир топ түрлөрү бар. Эпосто Д. к. метафора катары салыштырып сүрөттөөдө колдонулат. Мисалы, калмак каны Жолой «Козголуучу дөө эмес, Даш казандай башы бар» (С, 3. 183),— деп сүрөттөлөт.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кирпич жана карапа бышыруучу чоң казан. 2. Аш-тойлордо эл көп чогулган учурларда тамак-аш даярдалууга ылайыкталган өзгөчө чоң чоюн казан. Кээде андай казанды кырк кулач казан деп да аташкан. Өзгөчө чоң жез казан да эскерилет. Даш казандай туягы. Ак боз бээни сойдуруп, Даш казанга салдырып (Эл ыры).