ДАЛ БОЛУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Дендароо болуу, эмне кыларын билбей жалдырап калуу, өзүн жоготуп коюу. Көсөл эмне деп айтарын билбей, дал болуп калды (Каимов). Шерали кирпигин ойсуз кыбыратып, баш көтөрбөй, бул сөздүн кимге айтылып жатканын ажырата албай, дал болуп отура берди (Касымбеков). 2. Алсыроо, мууну-жүүнү бошоо, далдыроо, жүрбөй калуу. Бүткөн боюм дал болгон, Кызмат берчү эки кол, Былкылдабай шал болгон («Манас»). В.: Дел болуу. Мубарек эмне кыларын билбей, ордунда каткан казыктай дел болуп көпкө турду (Казакбаев). Ордумда бир топко дейре каккан казыктай дел болуп, тура берипмин («Кыргызстан маданияты»).